Кыргызстандын Улуттук банкы күн мурун 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, 16,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 9 млн 350 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алынды.
Бул жыл башынан бери төртүнчү тескери интервенция.
Шей Апр 23 , 2024
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды. Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга […]