Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат.
2024-жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2023-жылдын декабрь айына салыштырмалуу төмөндөп, 4,6 пайызды түзгөн.
Негизинен инфляциянын орточо мааниси мурда көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары менен шартталган. Инфляция түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүшү – 2,4 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар – 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн.
2024-жылдын январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 8,4 пайызды түзгөн. Соода жүргүзүү жана негизги капиталга инвестициялоо көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө олуттуу салымын кошууда.
“Ички инфляция көрсөткүчү план чегинде басаңдагандыгына карабастан, кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер, мурдагыдай эле сакталып турат», — деп айтылат банктын маалыматында.