Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде калтырды

Автор

Улуттук банктын Башкармасы эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.
“Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөп, 3,6% деңгээлинде түптөлгөн. Товардык түзүмдө азык-түлүк товарлары боюнча керектөө бааларынын өсүш арымы төмөндөгөндүгү байкалган, бул азык-түлүктүн (негизинен жашылча жана жемиштер, ошондой эле сүт азыктарынын) сезондук арзандашы менен да шартталган, натыйжада ай маанисинде алганда дефляция белгиленген. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү бир калыпта басаңдаган”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский мобилизациядан качкандарды өлкөгө кайтарууну колдоду

“Мен украиндердин мекенине кайтып келишине макулмун. Бирок мажбурлоосуз”,-деди Владимир Зеленский маалымат жыйынында. Зеленский кээ бир өлкөлөрдө саясатчылар украиндерди үйүнө жөнөтөбүз деп айтуудан тартынарын, анткени аларды багуу өтө кымбатка турарын белгиледи. Ошондой эле, мекенине кайтып келгендерге жумуш табуу үчүн тиешелүү министрлик түзүү керектигин айтты. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматына […]

Сизге жагышы мүмкүн