Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Автор

Улуттук банк башкармасы 2023-жылдын 30-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, чечим 2023-жылдын 31-октябрынан тартып күчүнө кирет.

«Кыргызстандын экономикасы ачык болгондуктан, бүтүндөй дүйнөлүк экономика сыяктуу сырткы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр да, региондогу өзгөрүүлөр да өлкөдөгү баа динамикасына өз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү бир калыпта болбой, калыбына келүү процесси жай жүрүп жатат. Дүйнөлүк инфляциянын динамикасы жогорку мааниде сакталып тургандыгына байланыштуу алдыңкы өлкөлөрдүн борбордук банктары акча-кредит саясатын катуулатуу багытына бет алууда. Аны менен катар, дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаал тышкы шарттардын бир калыпта сакталбагандыгынын, анын жыйынтыгы катары дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын белгисиз болушунун олуттуу факторунан болууда», — деди ал.

 

Карабаева белгилегендей, Кыргызстанда экономикалык иш көбүнчө кызмат көрсөтүүнү керектөө активдүү болуп жаткандыктан кеңейип жатат. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 4,2 пайызды (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 5,9 пайыз) түздү. Туруктуу ички суроо-талап бюджет-салык саясатынын чаралары жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынып турган.

Бөлүшүү:
Next Post

Холанд жылдын мыкты бомбардири аталды

“Манчестер Сити” клубунун  чабуулчусу Эрлинг Холанд жылдын мыкты бомбардири деп табылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Париждеги  Шатл театрында өттү. Өткөн сезондо норвегиялык футболчу  бардык мелдештерде 56 гол киргизген. Сыйлык үчүн күрөштө 23 жаштагы чабуулчу 54 голу бар “Пари Сен-Жермендин” чабуулчусу Килиан Мбаппени утуп алды. Эске салсак, Холанд “Манчестер Сити” менен өткөн […]

Сизге жагышы мүмкүн