Улуттук банк кайрадан интервенция жасады

Автор

Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын Улуттук банкы 40 млн 700 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.
Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 9-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.
Кыргызстанда учурда расмий курс боюнча 1 доллар 87,23 сомду түзүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 4-июнда 16 млн 900 миң, доллар, 21-майда — 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде – 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кубанычбек Исабеков президентке жана Жогорку Кенешке кайрылуу жасайт

“Роза Отунбаева президент болуп шайланган эмес деп Конституциялык сотко арыз менен кайрылгамын. Конституцияда президентти бүткүл эл шайлайт деп турат. Бирок, тилекке каршы, андай шайлоо өткөн эмес”. Мындай пикирин экс-вице спикер Кубанычбек Исабеков билдирди. “Булар БШКны таратып жиберишкен. Эсиңиздерде болсо, 31-августта Алмазбек Атамбаев алагүү болуп алып, “бул жерде президент болуп шайланбаган […]

Сизге жагышы мүмкүн