Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Автор

Улуттук банк жарандарды банк кызматкеримин деп тааныштырган шылуундардан сак болууга чакырат.
Көзөмөл органынын айтымында, Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн жасалма телефон номерлери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйдү. Ошондой эле мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын кызматкеринин одоно жасалма документин көрсөтүшүүдө.
«Алардын максаты жарандардын акчасына жетүү жана уурдоо. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эч качан жарандардан телефон аркылуу жеке маалыматтарын жана жашыруун маалыматтарды сурабай турганын эскертебиз. Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Андыктан, сак болууну жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөөнү катуу сунуштайбыз”, — деп белгилейт Улуттук банк.

Бөлүшүү:
Next Post

Мейиздин пайдалары тууралуу кызыктуу фактылар

Мейиз-бул кургатылган жүзүм мөмөлөрү, адатта тамак жасоодо ар кандай тамактарга жана бышырылган азыктарга таттуу даам кошуу үчүн колдонулат. Албетте, бул жерде мейиз жөнүндө кызыктуу фактылар бар: 1. Мейиз илгерки заманда эле белгилүү болгон жана азык-түлүк катары колдонулган. 2. Мейиздин бир нече түрү бар, анын ичинде кара, алтын жана жашыл. 3. […]

Сизге жагышы мүмкүн