Улуттук банк валюта рыногуна 59,8 млн доллар сатты

Автор

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, валюта рыногуна 59 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.
Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 18,5 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 41,3 млн доллар сатылган.
Улуттук банк айдын башында валюта рыногуна 51,6 млн доллар саткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы командачы: Россиянын 74 калктуу конушу көзөмөлдө

Украинанын көзөмөлүндө Россиянын 74 калктуу конушу калды. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский президент Владимир Зеленскийге видео кайрылуусунда билдирди. «Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн топтору Курск облусунун аймагында операцияларды жүргүзүүнү улантууда. Бүгүнкү күндө биздин аскерлер айрым багыттар боюнча бирден үч чакырымга чейин алдыга жылышты. 40 чарчы чакырым аймак көзөмөлгө […]

Сизге жагышы мүмкүн