Кыргызстандын Улуттук банк 31-мартта валюта базарына 45,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.
Бул — быйылкы жылы жасалган алтынчы интервенция. Улуттук банк акыркы жолу 13-мартта валюта базарына 35 млн доллар саткан. Жалпысынан 2023-жылы 307,37 млн долларга интервенция жасалган.
Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 486,5 млн доллар сатылган, 190,7 млн доллар сатып алынган.