Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 25-октябрда кезектеги валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу регулятордун сайтында айтылат.
Жалпысынан 35,1 миллион доллар сатылып, анын 28,5 миллион доллары ошол эле күнү, 26,6 миллион доллары башка күнү чечилген.
Буга чейинки интервенция 8-октябрда болуп, Улуттук банк рынокто 54,5 миллион доллар саткан.