Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы менен иш боюнча алынган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда УКМК бул адамдардын мыйзамсыз аракетинен мамлекет тарткан зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштерин жүргүзүп, кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды иликтеп жатканын маалымдады.