Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаев шайланды

Автор

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевди шайлады.
Жыйында катталган 75 депутаттын баары анын талапкерлиги үчүн добуш беришти.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен президент Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевди 2023-жылдын мартынан бери иштеп келген жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошоткон.
Мелис Тургунбаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.
• 2002-жылы — Финансы министрлигинде жетектөөчү адиси;
• 2006-2008-жылдары — «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын маркетинг жана реклама бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2008-2015-жылдары — «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын рынокту анализдөө жана баа түзүү бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2013-2017-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
• 2017-2020-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы;
• 2020-жылы «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы;
• 2023-жылдын мартынан тартып — жаратылыш, экология жана технгикалык өзөмөл министри.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан поезд жолдон чыкты

Коми Республикасында «Воркута – Новороссийск» багыты боюнча бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин тогуз вагону Инта шаарынын аймагында рельстен чыгып кетти. 25-июнда Коми Республикасында рельстен чыккан вагондорго жардам көрсөтүү үчүн кошумча состав жөнөтүлдү. Бирок тайга жана саздак жерлер эвакуация иштерин кыйындатты. Жабыркагандарга медициналык бригадалары бар тик учактар жөнөтүлдү. Бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланды. […]

Сизге жагышы мүмкүн