Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү

Автор

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, башкы каржы мекемесинде мурдагы көлөмгө өткөн жылы таза 3-4 тонна алтын кошулган.
Белгилеп кетсек, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив.
Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Энергетика министринин жаңы орун басары дайындалды

Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Дайындалган министрдин орун басары Энергетика министрлигинин жалпы жамаатына тааныштырылды. Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин энергетика тармагында 15 жыл эмгектенип, кийин президенттин жана […]

Сизге жагышы мүмкүн