Россия Федерациясынын Терроризмге каршы улуттук комитети Крым көпүрөсүнө эки учкучсуз түзүмдөр тарабынан чабуул жасалганын билдирди. Россиянын Тергөө комитетинин Башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин террордук акт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
«Саат 03:05те Украинанын эки учкучсуз унаасы Крым көпүрөсүнө кол салды. Жасалган теракттын натыйжасында Крым көпүрөсүнүн авто жол бөлүгү бузулган»,-деп айтылат билдирүүдө.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 17-июлга караган түнү “Украинанын атайын кызматы тарабынан жасалган террордук актынын натыйжасында” Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгү жабыркаган.