Укук коргоочу Рита Карасартова милицияда сурак берген соң 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ кечинде укук коргоочу үйүндө тинтүү жүрүп жатканын фейсбукка жазган.
Тинтүүдөн соң аны Чүй облустук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.
Азырынча Ички иштер министрлиги же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек.