Украин кризисин чечүү үчүн “Тынчтыктын достору” платформасы түзүлөт

Автор

Кытай, Бразилия жана Глобалдык Түштүктүн башка мамлекеттери Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө көмөктөшүү үчүн “Тынчтыктын достору” деген платформаны түзүшөт. Бул тууралуу Нью-Йоркто Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди.
“Кытай, Бразилия жана алар менен бирдей көз караштагы өнөктөштөрү Украина кризисин чечүү үчүн “Тынчтыктын достору” деген платформаны түзүшөт”,-деген Ван И бул Кытайдын, Бразилиянын жана Глобалдык Түштүк мамлекеттеринин тынчтыкка жетүү аракети болорун белгиледи.
“Тынчтыктын достору” – бул жабык топ эмес, ачык платформа. Ал атаандашууга жана карама-каршылыктарга эмес, диалогго умтулат. Ван Инин ою боюнча, эл аралык коомчулук бул платформаны колдоого алууга тийиш.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды

Бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасынын курулушун баштоого капсула салды. Иш-чарада Камчыбек Ташиев Ысык-Көл обулусунда алгачкы ирет 5 жылдыздуу мейманкана салынып жаткандыгын белгиледи. Бул долбоорду ишке ашырууга 160 млн АКШ доллары тартылган. Анын айтымында, ири инвестициялар Ысык-Көл облусуна […]

Сизге жагышы мүмкүн