Украин аскерлери Угледар шаарынан кетти

Автор

Украин аскерлери Донецк облусунун түштүк-батышындагы Угледар шаарынан чыгып кетишти. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө айтылат.
«Каршылаштын аракеттеринин натыйжасында шаардын курчоого алуу коркунучу жаралды. Жогорку командачылык жеке курамды жана аскердик техниканы сактоо максатында Угледардан бөлүктөрдү чыгарууга уруксат берди»,-деп айтылат билдирүүдө.
Угледар стратегиялык жактан маанилүү шаар. Кышында согуш талаасындагы ыңгайлуу жай. Көп кабаттуу турак үйлөр тегиз талаалардын ортосундагы бийик жерде жайгашкан.
Шаар Донецк менен Крымды байланыштырган, Россиянын көзөмөлүндөгү темир жолго бир нече чакырым аралыкта жайгашкан. Бул жол Крым көпүрөсүнө жетүүгө альтернативдүү багыт болуп берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке кирди

Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы 1-октябрдан тарта расмий ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалга молекулярдык маркерлер колдонулат. Ал эми жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат. Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына кирип, жуулуп кетпейт. Бул системаны […]

Сизге жагышы мүмкүн