Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Александр Сырский Донецк облусунун Авдеевка шаарынан украин аскерлери чыгарылып кеткенин жарыялады. “Авдеевканын айланасында түзүлгөн оперативдүү кырдаалга таянып, курчоого алынбоо жана адамдардын өмүрүн сактап калуу зарыл. Аскер кызматчыларынын ден соолугуна байланыштуу өз бөлүктөрүбүздү шаардан чыгарып, жакшыраак линияда коргонууга өтүүнү чечтим»,-деп жазган Сырский.
Ал украин аскерлери өз милдетин татыктуу аткарып, орус армиясына адам күчү жана техникасы жагынан олуттуу жоготууларга учураганын айтты. «Аскер кызматкерлеринин өмүрү эң жогорку баалуулук. Биз баары бир Авдеевканы кайтарып алабыз»,-деп кошумчалады Сырский.
Донецктен 15 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Авдеевка же 30 миңдей киши жашаган шаар үчүн салгылашуулар бир нече айга созулган. Орус армиясы 2023-жылдын октябрь айында активдүү чабуулун баштаган. 2024-жылдын 15-февралында орус аскерлери Авдеевканын негизги кире бериш жерин басып алышкан.