Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго сапарын аяктады. Ак сарайда президент Жо Байден менен жолугушуу болду. Бул эки президенттин алтынчы жеке жолугушуусу жана Зеленскийдин Ак үйгө үчүнчү сапары.
Жолугушуудан кийин Байден Американын Украинанын коопсуздугу жана көз карандысыздыгы үчүн узак мөөнөттүү милдеттенмесин баса белгиледи. «Эркиндиктин келечеги жөнүндө болуп жаткандыктан Америка мындан эч качан баш тарта албайт. Беш жүз жетимиш беш күндөн кийин биз Украинанын жанында турабыз жана мындан ары да сиздин жаныңызда турабыз, урматтуу президент»,-деди Байден Владимир Зеленскийге кайрылып.
Байден Украинага дагы бир аскердик жардам пакетин бекитти. Пентагондун айтымында, анын баасы 325 миллион долларды түзөт. Бул 30-сентябрда аяктап жаткан учурдагы каржы жылынын бюджетинен каралды.