Украина Палестинаны мамлекет катары тааныйт. Бул тууралуу Владимир Зеленский Сингапурдагы “Диалог – Шангри Ла” конференциясында билдирди.
“Украина эки мамлекетти: Израилди да, Палестинаны да тааныйт. Бул кагылыш токтоп, карапайым калк жапа чегип калбашы үчүн бардыгын жасайт»,-деди украин президенти.
Украин Советтик Социалисттик Республикасы 1988-жылы Палестинаны мамлекет катары тааныган. 1992-жылы Палестина Украинанын көз карандысыздыгын тааныса, 2001-жылы Киевде Палестинанын консулдугу ачылган.