Украина Монголияга демарш жарыялады

Автор

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россиянын президенти Владимир Путиндин Монголияга болгон сапары үчүн Монголияга демарш жарыялады.
«Рим статутуна кол койгон өлкө катары, Монголия Путин өлкөдө жүргөн учурунда Эл аралык кылмыш соту тарабынан чыгарылган камакка алуу буйругун аткаруудан баш тарткандыгына байланыштуу Украинанын терең нааразычылыгын билдирди»,-деп жазган Украинанын Тышкы иштер министрлиги.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, Киев мындай аракеттерге тиешелүү реакциясыз калбайт жана бул чечим Украинанын Монголия менен болгон мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүндө эске алынат. Ошол эле учурда Украинанын Тышкы иштер министрлиги Монголия салттуу достук украин-монгол мамилелеринин конструктивдүү мүнөзүн калыбына келтирүү үчүн «натыйжалуу кадамдарды жасайт» деп үмүттөнөрүн билдирди.
Сентябрдын башында Владимир Путин эки күндүк сапары менен Монголияга барган. Кайра эч тоскоолдуксуз Россияга кайтып келген.
Демарш – өкмөттүн дипломатиялык кайрылуусу.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиевдин Кытайга расмий сапары башталды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кошумчалай […]

Сизге жагышы мүмкүн