Украина-Британия: 100 жылдык өнөктөштүк келишимине кол коюлду

Автор

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Киевге болгон иш сапарынын алкагында Украина президенти Владимир Зеленский менен эки өлкө ортосунда 100 жылга эсептелген өнөктөштүк келишимине кол койду.
“Бүгүн чындап эле тарыхый күн. Украина менен Улуу Британиянын мамилеси буга чейин мынчалык жакын болгон эмес. Биз жаңы деңгээлге чыктык, бул стратегиялык мамилелерден да жогору турат”,-деди Зеленский документке кол коюу аземинен кийин журналисттерге.
“Биз бүгүн чогуу өзгөчө маанидеги келишимге кол койдук. Бул биринчи жолу түзүлгөн документ. Улуу Британия менен Украинанын жаңы өнөктөштүгүн көрсөтөт жана биздин эки өлкөнүн ортосундагы чоң сый-урматты чагылдырат”,-деди Кир Стармер.
Маалыматтарга караганда, кол коюлган келишим Балтика, Кара жана Азов деңиздериндеги деңиз коопсуздугун камсыздоодо кызматташууга жана Россиянын агрессиясын ооздуктоого багытталган. Документ Улуу Британиянын Украинанын энергетика секторундагы артыкчылыктуу өнөктөштүк жана маанилүү пайдалуу кендерди казып алуунун стратегиясын ишке ашырууну караштырат. Ошондой эле Лондон иштеп чыккан Украинадан оккупацияланган аймактардан дан чыгарууну көзөмөлдөөгө багытталган системаны ишке киргизүү каралган.
Зеленский менен болгон биргелешкен басма сөз жыйынында Стармер британ өкмөтү Киевге британиялык өндүрүштөгү артиллерия жана жаңы мобилдүү абадан коргонуу системасы жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирди.
Владимир Зеленский басма сөз жыйынында Киев менен Лондон Украинага жылына “3,6 миллиард доллардан кем эмес” аскердик жардам көрсөтүү тууралуу макулдашканын, ал эми бул жардам керектүү мөөнөткө чейин улантыларын билдирди.
Бул Кир Стармердин Улуу Британиянын өкмөт башчысы катары Украинага болгон алгачкы сапары. Владимир Зеленский Стармер менен чогуу Киевдеги Михаиловский аянтындагы Украинаны коргогон каза болгон баатырлардын мемориалына зыярат кылды. Ошондой эле ал аскердик ооруканага барды.
Стармердин Киевге сапары учурунда шаарда аба коңгуроосу жарыяланып, жарылуулар болгон. Абадан коргонуу системасы дрондордун чабуулун кайтарды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Уяттуулук жөнүндө сөз

Уят жөнүндө түшүнүк эне сүтү менен кошулуп бала кезден кан-жыныбызга сиңип кеткен нерсе. “Уят- өлүмдөн катуу”, “Уялбагандан өзүң уял” деген сыяктуу макалдар биз үчүн ыйык эреже болуп калган. Таалим-тарбиясы жетик адамдын калыптануусу уятына жараша болот. Уяты бар адамдан эч качан түңүлбөш керек. Андай адамдан жамандык күтпө, ал сага кыянаттык кылбайт, […]

You May Like