АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинде эгер Украина утулса, Россия Федерациясы “токтобойт” деген пикирин билдирди.
«Ачыгын айтканда, эгер Украина утулуп калса, НАТО Россия менен согушат деп ишенем»,- деди Пентагондун башчысы.
Буга байланыштуу ал АКШнын Украинага колдоосу маанилүү экенин белгиледи. “Менимче, эгер биз Украинаны колдобосок, биз өтө кооптуу жолго түшүп калабыз”,-деди АКШнын Коргоо министри.