Бардык талаптар аткарылса, Украина жана Молдова 2025-жылы Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай алышат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын биримдикти кеңейтүү жана талапкер өлкөлөрдүн прогресси жөнүндө отчетунда айтылат.
“Акыркы жылдары биз жаңы мамлекеттердин интеграциясын ишке ашырууда чоң ийгиликтерге жетиштик. Жаңы комиссия үчүн кеңейтүү башкы артыкчылык болуп калат”,-деди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Украина Евробиримдикке кирүү арызын 2022-жылдын 28-февралында, Молдова болсо 3-мартта берген. Ошол эле жылдын июнь айында бул мамлекеттер талапкер макамын алышкан.
Талапкер өлкөдө эркиндик, адам укуктарын урматтоо жана мыйзам үстөмдүгү принциптери сакталышы зарыл.