Украина боюнча экинчи тынчтык саммити Сауд Аравияда өтүшү мүмкүн

Автор

Швейцариянын ТИМинин эл аралык коопсуздук департаментинин башчысы Габриэль Люхингер Украина боюнча жаңы тынчтык саммити Европада өтпөй турганын билдирди. Анын айтымында, саммиттин өтүүчү эң ыктымал жери Сауд Аравиясы болуп саналат. Ошондой эле ал иш-чарага Россияны тартуу зарылдыгын баса белгиледи. «Албетте, Швейцариянын Россия менен мамилеси бар. Биз бул процессти азыр эле баштоого негиз түздүк. Россияны кандайдыр бир жол менен интеграциялоо керектиги айдан ачык»,-деди Габриэль Люхингер.
16-июнда Швейцариянын ТИМинин байланыш бөлүмүнүн башчысы Николя Бидо Украина боюнча жаңы саммит АКШдагы президенттик шайлоого чейин өтүшү мүмкүн экенин болжолдоду.
Украина боюнча биринчи тынчтык саммити 15-16-июнда Швейцариянын Бюргеншток шаарында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында 80 мамлекет жана 4 уюм кол койгон коммюнике жарыяланган. Анда келечектеги иш-чараларда жаңжалдын бардык тараптарынын катышуусунун зарылдыгы айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы айдоочуларды жумушка чакырат

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Негизги талап «D» категориясы бар айдоочунун күбөлүгү болуп саналат. Ошондой эле склад башчысы да керек. Айлыгы 27 миң 800 сом. Талаптар: 1c программасын билүү жана жогорку билими тууралуу диплом. […]

Сизге жагышы мүмкүн