“Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский өзүн Владимир Путинге Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүчү катары сунуштады. Бул тууралуу Явлинский РБКга берген маегинде билдирди.
«Мен Чеченстанда, андан кийин Дубровкада ортомчу болдум. Бул азаптуу нерсе, бирок ок атышууну токтотууга кадам таштоо үчүн зарыл болсо, мен даярмын»,-деди.
Явлинский Путин менен жолугушууда Украинада ок атышууну токтотууну жактаган аргументтерди айтканын, сүйлөшүү “терең жана узак” болгонун, бирок президент аларга жооп бербегенин белгиледи. Саясатчынын айтымында, маселе ачык бойдон калууда.