Украина биринчи жолу Британиянын ракеталарын колдонгону кабарланууда

Автор

Украина биринчи жолу Британиянын алыстыкка атылуучу Storm Shadow ракеталарын Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн колдонду. Бул тууралуу The Guardian жана Bloomberg басылмалары өз булактарына таянып билдиришти.
Улуу Британиянын премьер-министри Кира Стармердин басма сөз катчысы бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
The Telegraph басылмасынын маалыматына ылайык, Курск облусундагы Марьино кыштагынын тургундары Storm Shadow ракетасынын сыныктарын табышкан.
20-ноябрда күндүз Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов абадан коргонуу күчтөрү Украина тарабынан учурулган эки ракетаны атып түшүргөнүн билдирди. Бирок ракеталардын түрү такталган жок.
Украинанын Defense Express басылмасынын божомолуна ылайык, Украина куралдуу күчтөрү Storm Shadow ракеталары менен Курск облусундагы князь Барятинскийлердин тарыхый аймагын бутага алган. Азыр бул жер Россия президентинин Иш башкармалыгынын карамагындагы санаторий катары колдонулат.

Бөлүшүү:
Next Post

15 миңдей жарандын абалы эмне болот?

Абхазиядан келген унаалардын тагдырын оң жагына чечүү маселеси бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы көтөрүлдү. “Өкмөт биртоп жакшы иштерди кылдыңар. Мисалы, жер басып алгандардын үйлөрүнүн документтерин жасап бердиңер. Эми мына абхазиядан келген унааларды деле ошондой жол менен чечип койбойлубу. Адеп эле комиссия түзүлөт, же, андан жыйынтык жок”,- деди Жанар […]

Сизге жагышы мүмкүн