Украина-АКШ: Коопсуздук боюнча 10 жылдык келишимге кол коюлду

Автор

Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ лидери Жо Байден саммиттин алкагында 10 жылдык коопсуздук макулдашууга кол коюшту.
АКШ бул келишимди «Украинага болгон азыркы жана келечектеги колдообуздун күчтүү белгиси» деп атаган билдирүү таратты. Бейшемби күнү Зеленский Япония менен дагы ушундай келишимге кол койгонун билдирди. «2024-жылы Япония Украинага 4,5 миллиард доллар берет жана келишимдин бүтүндөй 10 жылдык мөөнөтүндө бизди колдоону улантат»,-деп жазган Зеленский X социалдык тармагында.
Украина менен түзүлгөн коопсуздук келишимдеринде анын союздаштары аскердик жардам көрсөтүүгө, украиналык жоокерлерди окутууга, аскердик өнөр жайды өнүктүрүүгө жардам берүүгө жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүгө милдеттенишет

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат аткарылган ири жумуштардан үчөөнү белгиледи

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кара көз айнек тагынып келгендигине байланыштуу депутат Медер Алиев кечирим сурап, “этикалык нормага туура келбей жаткан болсо, капа болбойсуздар. Жакында эки көзүмөн операция болом, учурда операцияга даярдык жүрүп жатты эле”,- деди. “Кечээ бир парламентарий адептин сыртына чыгып, жаңы саясий күчтөрдүн келиши жана жаңы башмыйзамдын кабыл алынышынан […]

Сизге жагышы мүмкүн