Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен мобилизация курагындагы украиндер кайтып келип, өлкөгө жардам бериши керектигин айтты
Бул тууралуу ал Таллинде Эстониянын премьер-министри Кае Каллас менен болгон пресс-конференцияда билдирди.
Ал аскер курагындагы украиндерди мобилизациялоо үчүн Украинага жөнөтүшү керекпи деген суроого жооп берди. Президент аскерий операциялардын башталышында Украинадан түрдүү жыныстагы жана курактагы тургундар чыгып кеткенин белгиледи. Буга өлкөнүн бийликтери кийлигишпегенин, анткени мындан ары эмне болорун эч ким билбегенин кошумчалады.
“Азыр бирөө фронтто, бирөө фронтто болбошу керек дегенден алысмын. Мыйзам бар. Бирок жалпы адамзаттык эреже бар. Бир аскер адамына 6-8 салык төлөөчү туура келет. Эгер сиз Украинада болсоңуз жана фронтто болбосоңуз, бирок сиз иштеп жаткан болсоңуз кайда иштебеңиз салык төлөсөңүз мамлекетти да коргогон болосуз. Бул абдан зарыл. Бирок сиз чет өлкөдө жүрсөңүз жана мобилизация курагында болсоңуз, фронтто болбосоңуз, салык төлөбөсөңүз, мыйзам чегинен тышкары сапарга чыккан болсоңуз, анда суроолор туулат»,-деди ал.