Украинанын куралдуу күчтөрү Белгороддун турак жай аймагына сокку урду

Автор

Украин армиясы Белгород облусуна RM-70 Вампир ракета системасын колдонуу менен кол салууга аракет кылган.
Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аймакта абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат. Белгород облусунда асманда 25 ракетаны жок кылышты.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Украинанын куралдуу күчтөрүнүн абадан чабуулунан бир аял жабыркаганын белгиледи.
Окуянын кесепетинен 9 көп кабаттуу үйдүн айнектери сынып, мектеп, электр чубалгылары жабыркаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте «Ден соолук жана биримдик» марафону өтөт

Бишкек шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы «Ден соолук жана биримдик» аталышында жаштар профсоюздук марафонун 18-майда өткөрөт. Спорттук иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат. Марафонго 700дөн ашык адам катышат. Максаты, спортту, сергек жашоо образын жайылтуу болуп эсептелет. Жарыштын алкагында Чолпон-Ата көчөсү Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 5 чакырым аралыкта […]

Сизге жагышы мүмкүн