Украинанын жаңы тышкы иштер министри дайындалды

Автор

Жогорку Раданын депутаттары Андрей Сибиганын талапкерлигин Украинанын тышкы иштер министри кызматына бекитишти. Буга чейин ал өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Сибиганын дайындалышын 258 депутат колдоду. Керектүү добуштун саны 226 болчу. Бул кызматта Сибига 2020-жылдын март айынан бери министрликти жетектеп келген, отставкага кетүү тууралуу арыз берген Дмитрий Кулебанын ордуна келет.
Андрей Сибига 49 жашта. 1997-жылдан тартып дипломатиялык кызматтарда иштеген. Украинанын Польшадагы, Түркиядагы элчиси болгон. 2024-жылдын апрелинде Украинанын тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

«Ак шумкарлар» ирандыктарга утулду

Ирандын Исфахан шаарында Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши болуп өттү. Оюндун алгачкы бөлүгү талаа ээлеринин 1-0 эсебиндеги пайдасында (голдун автору-Мехди Тареми, 34′) аяктады. Ал эми, экинчи бөлүктө Максим Лисицындын оюнчулары чабуул жана атаандаштын дарбазасына көптөгөн соккуларды жаратканына карабастан эсеп сан, тилекке каршы, өзгөргөн жок. Оюн акырына чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн