Украинанын башкы желеги түшүрүлдү

Автор

Киевдеги “Родина-мать” монументиндеги Украинанын башкы желеги катуу шамалдан улам сабынан түшүрүлдү. Бул тууралуу Киев шаарынын администрациясы билдирди
“Шаарда күтүлүп жаткан катаал аба ырайына байланыштуу Украинанын башкы желеги түшүрүлдү. Өлкөнүн гидрометеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, 16-декабрда Киевде шамалдын күчү секундуна 25-28 метрге жетип, кооптуулуктун деңгээли кызгылт сары болору күтүлүүдө”,-деп айтылат администрациянын Telegram-каналына жарыяланган билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, желек аба ырайы жакшырганда кайра көтөрүлөт.
Киев шаарынын администрациясынын маалыматына ылайык, желектин узундугу 24 метр, туурасы 16 метр. Ал эми желек илинген мамынын бийиктиги 90 метрге жакын.

Бөлүшүү:
Next Post

17-декабрда күтүлгөн аба ырайы

17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1; Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12; Бийик тоолуу райондордо […]

Сизге жагышы мүмкүн