Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинадан Европага 8,1 миллиондон ашык качкын келгенин билдирди. Акыркы жумада алардын саны 4,7 миңден ашуунга өстү.
Бул мезгилде Россияга эң көп украин качкындар 2,8 миллиондон ашык, Польша 1,5 миллиондон ашык, Германияга 1 миллиондон ашык, Чехияга 497,2 миң, Италияга 171,7 миңи келген.
Украинадан мигранттар Испанияда 170,3 миң, Улуу Британияда 165,7 миң, Болгарияда 154,6 миң, Францияда 119 миңге жакын бар. Румынияга 120,7 миңден ашык украин, Словакияга 111, 7 миңден ашык, Молдовага 107,3 миңге жакын адам кеткен. Башка өлкөлөр 100 миңден ашпаган качкынды кабыл алышкан.