Украинада коргоо министрине кылмыш иши козголду

Автор

Украинанын Улуттук коррупцияга каршы күрөшүү бюросу учурдагы коргоо министри Рустем Умеровго каршы ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Иш Коррупцияга каршы күрөшүү борборунун арызынын негизинде ачылган. Себеби Умеровдун Коргонуу сатып алуулар агенттигинин жетекчиси Марина Безрукова менен келишимди узартуудан баш тартканы болду.
Иш Украина Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон. Беренеде эң жогорку жаза чарасы катары алты жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Коргоо министрлиги менен Коргонуу сатып алуулар агенттигинин ортосунда бир нече аптадан бери жаңжал уланып келет. Ведомство жетекчилиги менен агенттик бири-бирин армияны ок-дарылар менен камсыздоодогу кемчиликтер үчүн айыптоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкөнүн тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. […]

You May Like