Украинанын Жогорку Радасы Беларусту агрессор өлкө деп таануу боюнча резолюциянын долбоорун каттады. Бул тууралуу украин парламентинин депутаты Ярослав Юрчышин билдирди.
Анын пикиринде, мындай кадам “Беларусь режимин жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл. Ошондой эле мыйзамдуу санкциялардын күчүнө киришинин ачык-айкын далили катары зарыл экенин белгиледи.
Эки өлкөнүн мамилеси 2020-жылы начарлап кеткен. Анда Украинанын лидери Владимир Зеленский Беларуста пландалган эки өлкөнүн аймактарынын форумуна келген эмес.