Украинадагы президенттик шайлоонун датасы белгиленди

Автор

Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко Владимир Зеленский Украинадагы президенттик шайлоонун датасын бекиткенин жарыялады. Анын айтымында, саясий өнөктүк 2024-жылы өтөт. Эл өкүлү Espreso телеканалына берген маегинде “Маалыматым боюнча, Владимир Зеленский келерки жылы президенттик шайлоону өткөрүүнү чечкен. Ал президенттик аппаратка 2024-жылдын 31-мартында өткөрүлүшү пландалган шайлоого даярдык көрүүнү тапшырган”,-деди Гончаренко.
Украинадагы президенттик шайлоонун датасы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленет

Эртең, 7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш- чара өтөт. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чара  саат 10:00до Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында  башталат. Эске салсак Абсамат Масалиев 2004-жылы июль айында көз жумган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн