Украинадагы жаңжал, АКШнын жаңы президенти менен мамилелер. Лавров Карлсонго берген маегинде эмнелерди айтты

Автор

Украинадагы кризисти чечүү – бул Москва менен Вашингтондун гана иши эмес экенин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде айтты.
Ал белгилегендей, Украинадагы конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу Киевдин НАТОго кошулуу пландарынан баш тартуусу, өлкө аймагындагы батыштык аскер базаларынын жабылышы жана чет элдик аскерлердин катышуусундагы машыгууларды токтотуу менен гана мүмкүн болот.
Лавров кошумчалагандай, Россия Дональд Трамптын администрациясын анын конкреттүү кадамдары боюнча баалайт. Бирок кызматтан кетип жаткан АКШ президенти Жо Байден Трампка оор мурас калтырууну каалап жатат.
Анын айтымында, Москва Украинадагы кырдаалдын ар кандай өнүгүүсүнө даяр. Бирок Россиянын коопсуздук кызыкчылыктарын эске алууну жана тынчтык жолу менен чечүүнү артык көрөт.
“Россия АКШ менен өзөктүк согушту каалабайт жана анын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө”,-деп кошумчалады ал.
Ошондой эле ал Россия АКШ менен кадимки мамилелерди каалай турганын жана эки өлкө кызматташпай койчу себептер жок экенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бала бакчалардын директорлугуна сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Ведомтсвонун маалыматына ылайык, сынак “билим берүү жөнүндө” кыргыз республикасынын мыйзамынын жана министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт. Белгиленгендей, жалпы республика боюнча 506 бош орун бар. Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана […]

Сизге жагышы мүмкүн