Япония Украинага 1 миллиард долларлык кошумча колдоо көрсөтөт. Киевге Япониядан берилүүчү жардамдын жалпы суммасы 4,5 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Фумио Кисида G7нин онлайн саммитинин жүрүшүндө билдирди.
6-декабрда G7 өлкөлөрү (Германия, Улуу Британия, Италия, Канада, АКШ, Франция, Жапония) Россиянын алмазын импортун чектөө механизмдерин макулдашты. Келишимге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан Россиядан өнөр жай алмаздарын импорттоого тыюу салынат.