УКМК: 6 миң доллар опузалаган эки жаран кармалды

Автор

6 миң доллар пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды.
«Кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан. Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.
Кармалган В.А.И., Х.Р.Р. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же, 0392251180, 0555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык башталды

Ош шаарында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында эркектер арасында “Жооптуу бол” аттуу бир айлык акция старт алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Акциянын алкагында Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги эркектердин кан басымы, жүрөк кан тамыр, кант диабети ооруларын алдын […]

Сизге жагышы мүмкүн