УКМК Ысык-Көлдө дрондун кулашы боюнча үн катты

Автор

Кыргызстандын учкучсуз учактары, анын ичинде Bayraktar аппараттары да баары толук, эч бири жабыркаган эмес. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учкучсуз учактарды башкаруучу экипаж коюлган тапшырманы аткарууга дайыма даяр экенин да кошумчалаган.
«Бүгүн 14-августта Балыкчы полигонунда окуу-машыгуу учурунда жаңы тактикалык чакан дрон сыноодон өткөн. Ал Тамчы аба майданына конуу учурунда кулап, күйүп кеткен жана көздөгөн дарегине жетпей калган. Мини-дрондун кулашынан эч ким жабыркаган жок. Учурда аба майданды кырсыктаган мини-дрондун калдыктарынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Аталган дронду сыноодон өткөрүүчү топ бул кырсык боюнча түшүндүрмө берет», — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортунда учкучсуз учак кулаганы тууралуу социалдык тармактарда жазышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат

Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо 2-сентябрда кагылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн