Тажикстандын Согдий облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирген.
Жолугушууда эки өлкөнүн чек араларынын делиматиция жана демаркация маселелери талкууланды. Талкууда калган чек ара тилкелери өтө турган чектерди аныктоо маселелеси каралды. Делегация башчылары жумушчу топторго тапшырма беришип, бул багытта ишти уланта берүүнү айтышты.