УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев балдар бакчасын ачты

Автор

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто “Акылман” балдар бакчасын ачты. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактардагы баракчасында айтылат.
Маалыматка ылайык, бала бакча 150 балага ылайыкталган. Бул жерде УКМК менен Чек ара кызматынын кызматкерлеринин балдары тарбияланышат.
Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлери менен чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу өлкө жетекчилиги үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошол эле учурда кызматкерлерге талаптар дагы күчөтүлгөндүгүн, алар күнү-түнү мамлекеттин коопсуздугун сакташы керектигин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Нобель Тынчтык сыйлыгы атомдук жардыруулардын курмандыктарын бириктирген уюмга берилди

Ослодо Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды. 2024-жылы бул сыйлык Хиросима менен Нагасакиге атомдук бомбалоолордун курмандыктары бириккен япон уюму Nihon Hidankyoго ыйгарылды. Сыйлык «өзөктүк куралсыз тынчтыкты орнотуу аракеттери үчүн» ыйгарылды. Нобель комитети белгилегендей, уюм «көзү тирүү күбөлөрдүн айткандары аркылуу өзөктүк курал эч качан колдонулбашы керек экенин көрсөтүп турат». «Бул тарыхый күбөлөр […]

Сизге жагышы мүмкүн