УКМК трансулуттук киберкылмыштуу топтун уюштуруучуларын кармады

Автор

Трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан финансы-банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында, тиешелүү кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу КР жарандарынын акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасы аныкталды.
Тактап айтканда, трансулуттук кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды активдештиргенден кийин колдонуучулар, КР жарандары электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкан.
Топтолгон жана процессуалдык түрдө документтештирилген далилдердин негизинде аталган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 2 чет элдик жаран жана алардын 2 шериги Кыргызстандын жарандары кармалды.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин камакка алынып, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК жарандарды шектүү шилтемелерден өтпөөгө жана банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууга чакырат.
Эгерде сиз банк операциялары боюнча алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз УКМКга 0(312) 66-04-75 номери же болбосо электрондук почта (gknb.gov.kg) аркылуу кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

Бишкекте 15-16-май күңдөрү Өзбекстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин тасмалары эки күн “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Программасы: 15-май, саат 18:30да “Абдулла Орипов” (реж. М.Эркинов) 16-май, саат 16:30да “Стойкость” (реж. Р.Маликов), ал эми 18:10до “Өзбек кызы” (реж. А.Бектурдиева) аттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн