УКМК Ташовдун өзүнө кол салуусу боюнча үн катты

Автор

УКМК абактагы ишкер Имамидин Ташовдун өзүнө кол салганы боюнча тараган маалыматтарга жооп берип, билдирүү таратты.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө, И.Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап денесине залал келтиргени жазылат.
«30-октябрда саат 9дар чамасында СИЗОнун кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүү учурунда И.Ташовдун курсагынан эки бычактан кесилген жараат табылып, тез жардам келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам келгенден кийин Ташовду 4-шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ал кезде кармалган адамдын абалы туруктуу деп бааланган. И.Ташовдун камералашынын айтымында, ал бир жолу колдонулуучу устаранын лезвиясын кармап турган, ошол менен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтарга караганда, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, атайылап өз жанын кыюуга даярданган. Ташов 4-шаардык оорукананын хирургу тарабынан текшерүү учурунда УКМКнын СИЗОсунда кыйноолор болуп жатат деген, бул чындыкка дал келбейт. Муну КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин СИЗОнун бардык аймагындагы видеокөзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМКнын кызматкерлери прокуратурага маалымат берилип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери чакырылган. Ташов кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Грузиянын прокуратурасы президентти суракка чакырды

Грузиянын прокуратурасы шайлоонун бурмаланышы мүмкүн деген шек менен иликтөө ишин баштап, президентти суракка чакырды. Зурабишвилинин сурагы 31-октябрга белгиленди. Прокуратура президент Саломе Зурабишвилини парламенттик шайлоодогу мыйзам бузулуулар тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу чакырды. Тергөө органдары мамлекет башчысы шайлоодогу мыйзам бузулуулар боюнча далилдерге ээ болушу мүмкүн деп эсептейт. Иликтөөнү баштоо үчүн негиз катары Борбордук […]

Сизге жагышы мүмкүн