УКМК: Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды

Автор

Талас шаарында бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгына 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени такталды.
Азыркы учурда бул иштин бардык жагдайларын, ошондой эле коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: “Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт”

Бул ирет Азирети Усмандын насааттарын сунуштайбыз: 1. Дүйнө үчүн кайгыруу – жүрөккө караңгы, акырет үчүн кайгыруу – жүрөккө нур. 2. Заманды салыштырбаган тагдырларды тааный албайт жана келечек күндөрдүн эмне убада кылганын да биле албайт. 3. Эң чоң жоготуу – акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр. 4. Бүткүл иштер Аллахтын […]

Сизге жагышы мүмкүн