УКМК салыкчылардын кармалышы тууралуу маалымат берди

Автор

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматындагы жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айрым ири өндүрүүчүлөр менен импортчулар (алкоголдук ичимдик, кумшекер азыктары жана тамеки) факт түрүндө өлкөнүн түштүк аймагына товар жеткирип, бирок документ жүзүндө толук маалымат болгон эмес.
Салыкчылар кызмат абалынан пайдаланып, анын кесепетинен 2024-жылдын башынан бери 3,2 млрд сомдук товардын коштомо баракчалары табылган эмес.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголду. Тинтүү иштери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүндө жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен башкармалыктардын башчылары А.Р., Ж.У., А.Н., Т.А. камакка алынды.
УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары экономиканын өнүгүү темпине түздөн-түз таасирин тийгизип, анын айрым секторлорунун жарым-жартылай “көмүскөдө” калып кетүүсүнө шарттар түзүлүп, республиканын жарандарынын жалпы жыргалчылыгына терс таасирин тийгизип жатканына коомчулуктун көңүлүн буруу зарыл деп эсептейт.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө улантылып, анын алкагында мындай мыйзамсыз иштердин бардык катышуучуларынын, анын ичинде бизнес өкүлдөрүнүн жана Салык кызматынын башка кызматкерлеринин аракеттерине, ээлеген кызмат орундарына жана башка факторлорго карабастан юридикалык баа берилет.
Иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарына кошумча маалымат берет.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн