УКМК Рысбек Акматбаевди өлтүргөндөрдү 17 жылдан кийин тапты

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мындан 17 жыл мурда Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү тапты. Ошол кезде кримм төбөл атыккан Рысбек Акматбаев Көк-Жар мечитинен чыгып баратканда атып өлтүрүлгөн. Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен келип, калашников автоматынан ок жаадыргандан кийин канкорлор изин суутуп кетишкен. УКМК жүргүзгөн комплекстүү иш – чаралардын жүрүшүндө Рысбек Акматбаевди атып өлтүргөндөр Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана “Боха Казарманский” каймана аты менен белгилүү Б. Самсалиев жана “Рембо” атыккан М. Раимбеков экендиги аныкталды. Атып өлтүрүү мезгилинде унааны М. Раимбеков башкарса, Камчы Асанбеков аркада көзөмөлдөп турган. Ал эми Алманбет Анапияев менен Б. Самсалиев аны атып өлтүрүп, изин суутуп кетишкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын ММА курамасы Дүйнө чемпионатында 9 медаль утту

Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан. Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп […]

Сизге жагышы мүмкүн