УКМК “Оберон” базары боюнча эмне деди?

Автор

Оберон «Дордой» жана Оберон «Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
Ага ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.
«Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.
Тактап айтканда, «Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан», — деп жазылат маалыматта.
Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.
«Ошентип, Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд. 889 млн. 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт. Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилет», — деп кошумчаланды.
УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Казакстанга барат

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Сапар чынында активдүү даярдалып жатат. Даталары тууралуу өз убагында кабарлайбыз»,-деп жооп берди Песков. Россия менен Казакстандын кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколунан алынган маалыматтарга караганда, Путин Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен 27-ноябрда […]

Сизге жагышы мүмкүн