УКМК: Матраимовдун Баку шаарында экендиги аныкталды

Автор

Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымытка ылайык, аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.
Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды.
Белгилей кетсек, КР УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И. аттуу жарандарды кармаган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Крокус Ситидеги” теракт: Каза болгондордун саны 115ке жетти

Россиянын Москва облусундагы «Крокус сити холл» концерттик залында жасалган терактыдан каза тапкандардын саны 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянып, РИА Новости жазууда. Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланышкан. Каза тапкандардын үчөө жаш балдар. Жаракат алгандардын саны 180ден ашык. Анын ичинде сегизи жаш балдар. Эске […]

Сизге жагышы мүмкүн