УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди

Автор

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 25-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбекти кармады. Ал эл аралык издөөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген.
Ошондой эле, аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимовдор кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген.
Белгилей кетсек, Р.Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.
Тактап айтканда, Р.Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 27-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.70 сомдон болсо, сатуу 89.87 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 51 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн