УКМК мамлекеттик желекти өрттөгөндөрдү кармады

Автор

Сузак районунда эки мектепте илинүү турган мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазылган ак чүпүрөктү илип кеткендер менен аны уюштургандарды бүгүн, 5-июнда УКМК кармап, убактылуу жайына киргизди.
УКМК билдиргендей , 30-майда Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мамлекеттик желекти өрттөгөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 16 жана 19 жаштагы кыз мүчөлөрү кармалышкан.
Мындан башка 19 жаштагы кыздын 45 жаштагы апасы, 29 жаштагы агасы да колго түшүрүлгөн. Жыйынтыгында, 6 киши кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кургатылган жемиштерди жууш керекпи?

Кургатылган жемиштерди жууш керекпи? Ооба, кургатылган жемиштерди жана жаңы жемиштерди колдонуудан мурун чаңды, кирди жана пестициддердин калдыктарын тазалоо үчүн агын суунун астында чайкоо сунушталат. Кургатылган жемиштерди жана жаңы жемиштерди жуу бир нече себептерден улам маанилүү: 1. Чаңды жана кирди тазалоо: сактоо жана ташуу учурунда мөмө-жемиштердин жана кургатылган жемиштердин бетинде чаң […]

Сизге жагышы мүмкүн